"Эркин-Тоо"

Ашыкча салмактан кантип сактанса болот?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен 26-ноябрь эл аралык ашыкча салмак менен күрөшүү күнү. Бул уюмдун маалыматы боюнча биздин өлкөдө акыркы жылдары жаш балдар арасында ашыкча салмактуулук өсүп жатканы баса белгиленет. Ашыкча салмак тууралуу Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асель Акымбаева мындай түшүндүрүп берди.

Ашыкча салмак деген эмне?

Ашыкча салмак – организмде ашыкча май топтолуп, салмактын жогорулашына алып келүү менен мүнөздөлгөн оору. Көпчүлүк учурда ашыкча салмак тамак-ашты ашыкча колдонуудан (90% учур), энергияны аз сарптоодон (аз кыймылдуу жашоо образы) жана организмдеги зат алмашуу процессинин бузулушунан келип чыгат.

Ашыкча салмак деп адатта май ткандарынын өсүшүнүн кесепетинен дене массасынын нормадан 20% дан жогору болушу эсептелет.

Ар дайым формада болуу, нормадагы салмакты кармап жүрүү үчүн ашыкча салмактуулуктун алдын алуучу айрым профилактикалык чараларды сактоо керек. Бул туура тамактануу, активдүү жашоо образын алып баруу, зыяндуу адаттардан арылуу. Ушул сыяктуу жөнөкөй сунуштарды аткаруу өз салмагыбызды нормада кармоого, чың ден соолукта жана активдүү болууга шарт түзөт.  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, акыркы жылдары ашыкча салмактуулардын саны үч эсеге өстү жана жылына үч миллион адам ашыкча салмакка байланыштуу илдеттерден каза болушат. Анын экономикалык чыгымы эки триллион долларга чыгат. Айрым мамлекеттер ашыкча салмакты илдет катары көрүп, ал эпидемия деңгээлине чыкканын белгилешүүдө.

Кайсы факторлор ашыкча салмактыкка алып келет: Ашыкча тамактануу. Көп учурда адамдар көп өлчөмдө тамак жеп алышат. Бул учурда ашказан ашты сиңире албай салмак кошууга алып келет. Аз-аздан жана бат-баттан тамактануу абдан пайдалуу. Негизи төрт ирет: эртең менен, түштө, күүгүмдө жана кечинде тамактануу керек.

Куурулган, ышталган тамактар, газдалга суусундуктар зыян. Бул азыктар даамдуу болгону менен өтө калориялуу. Кайнатылган, бууланган тамакка  көңүл буруп, жашылча жемиштерди көбүрөөк колдонуп  жана  сууну ичип туруу организмге  пайдалуу.

Зат алмашуунун туура эмес жүрүшү. Зат алмашуу — ар бир тирүү организмде жашоону камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз жүрүп туруучу энергетикалык жана татаал химиялык процесс. Жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк, адамдын ичип-жегенин организм иштеп чыгып, иштелип чыккандарын кайра өзүнө керектейт.

Кыймылдын аздыгы. Адам канчалык көп кыймылдап, активдүү болсо тамакты бат сиңирип, сергек жүрөт.

 Андан сырткары ашыкча салмакка стресс, генетика, сексуалдык көйгөй, кош бойлуулук, төрөттөн кийинки абал, жаш курак, эндокриндик системанын бузулушу, стресс да таасир этет.

Стресс. Адамдар жан дүйнө көйгөйүнө кабылганда бири тамакты аз жесе, бири ашыкча жейт. Медицинада тамактан баш тартуу — анорексия, чектен аша жеши — булимия деп аталат.

Генетика. Эгер адамдын тукумунда толук адамдар болсо, ал бир канчалык деңгээлде балдарына таасир этет.

Сексуалдык көйгөй. Байма-бай жыныстык катнаштын жоктугу гормондордун жетишсиздигине алып келет. Ошондуктан бул нерсени айрым адамдар тамак менен алмаштырат. Сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган адамдар сарсанаага батканда дагы салмак кошот.

Кош бойлуулук, төрөттөн кийинки учур. Аял боюнда бар кезде гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам зат алмашуу жайлайт. Мындан улам салмак кошулат. Төрөттөн кийин бала эмизгенде организмде май топтому көбөйөт. Ашыкча салмак жыныс органдарынын функциясынын  бузулушуна алып келет. Жыйынтыгында айыз циклинин бузулушу, бойго бүтүү кыйынга турат.

Жаш курак. Адамдын жашы өткөн сайын кыймыл азайып, зат алмашуу жайлап, организм кара күчтү аз коротот. Ошондуктан каллорияны көп иштете  албай калат.

Эндокриндик системанын бузулушу. Эндокрин системасына гипофиз, гипоталамус, эпифиз, калкан сымал, уйку, бөйрөк үстүндөгү жана энелик бездер кирет. Бул бездердин көлөмү жана формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан. Эндокриндик система бөлүп чыгарган гормондор кан менен бүт денеге тарап, органдардын иштешин камсыз кылып турат. Эгер система бузулса адам тез чарчап, зат алмашуусу бузулуп, жыныстык жашоого кызыгуусу жоголуп, салмак кошконго чейин жетет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!