"Эркин-Тоо"

Астанада кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт

Президент Садыр Жапаровдун Астанага болчу расмий сапарынын алкагында 17-мартта кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт. Ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү болот. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктен кабарлашты.

Форум Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү саамалык болмокчу.

Улуттук агенттик ата мекендик компанияларды, ассоциация жана уюмдарды бизнес-форумга жана көргөзмөгө катышууга чакырат. Каалоочулар 4-апрелге чейин каттоодон өтүшү керек.

Катталуу үчүн катышуучу тууралуу маалыматты 0555 92 88 89 (Whatsapp) номуруна жөнөтүү керек: фирманын аталышы, катышуучулардын толук аты-жөнү, иш чөйрөсү, байланыш номери.

Толук маалымат: 0555 92 88 89

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!