"Эркин-Тоо"

Астанада Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылышы болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.

Белгилүү болгондой, К. Куанышбаев атындагы Мамлекеттик академиялык казак музыкалык драма театрындагы ачылыш аземинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель да болду.

Программанын алкагында өлкө лидерлери театрдын фойесинде уюштурулган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Андан соң гала-концерт болуп, анда кыргыз өнөрпоздору «Манас» операсынын увертюрасынын фрагментин, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү, Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын жана башка элдик көркөм чыгармачылыктын шедеврлерин аткарышты.

Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрү 2022-жылдын 29-октябрына чейин уланат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!