"Эркин-Тоо"

Атыркүл Сатыбалдиева: «Кыш келе жатат, үстүмдө үйүм жок»

“Адамдын башынан бак кетип, кырсык басыш заматта экен…”

Редакцияга беш жылдан бери үй-жайсыз калып, башынан өткөн оор тагдырын ыйлап айткан 58 жаштагы Атыркүл Сатыбалдиева кайрылды. Ал Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектепти 1981-жылы бүтүрүп, КМУнун журналистика факультетин аяктаган. Кыргыз радиосунда, “Бишкек шамы” гезитинде кабарчы жана “Мектеп” басмасында эмгектенгенин айтат.

-Биздин редакцияга кандай көйгөй менен келип калдыңыз?

-Мындан он беш жыл мурда, 2007-жылы кызым дайынсыз жоголуп кеткен. Ош базарындагы радио түйүнү аркылуу жумуш издейм деп үч күн катары менен чыгып кетип, үчүнчү күнү үйгө кайрылып келген жок. Ошондон тартып издебеген жерим, түртпөгөн эшигим калган жок. Кызымды таппай, үч күндөн кийин Октябрь РИИБсине кайрылдым, анда биздин жашаган жерибиз ошол районго караштуу эле. РИИБнин кызматкерлери кызымды издөө ишин баштап, сүрөтү жер-жерлерге илинди, ошону менен жылдар өтө берди. Кызым өңдүү-түстүү татынакай кыз эле. Ал жылдар аралыгында кызымды ойлоп, ар кандай ойго түшүп жүрүп ден соолугумдан ажырап, эрте эле карып кеттим. Адам бакытты, байлыкты көтөрө албай калышы мүмкүн экен, бирок, азапты көтөрөт экен. Кызымдын жоголгонуна үчүнчү жыл болгондо, Кыргыз телерадио-берүү корпорациясынын “Кайдасың?” аттуу программасына жардам сурап кайрылдым. Кудайдын мага көргөзө турган жакшы күнү бүткөн эмес экен, ушул телеберүү себепкер болуп кызым табылып калды.

-Кызыңыз кайда кеткен экен?

-Кызым кесиби боюнча чачтарач, 17 жашта эле. Ош базарындагы радио түйүндөрү аркылуу жумуш издеп, эки күн маанайы жок келген. Үчүнчү күнү кеткен бойдон кайрылган жок. Көрсө, Ош базарында турса, жанына токтолуп калган бир аял басып келип “кызым, эмне жумуш керек сага?” деп сураптыр. “Эже, аялдардын чачын кырккан адисмин, жумуш таба албай жатам” десе, “бери келсең” деп элден обочолонтуп четке чакырып алып “мага чач кырккан кыздар керек эле, сен иштейсиңби? Менин кызымдын менчик салону бар, Казакстандын Алмата шаарында жайгашкан. Айлык акыңды бул жактагыдан көбүрөөк төлөп беребиз, 10 000 сом болот”,- дептир. 2007-жылдары мындай айлык акы мыкты болуп эсептелчү. Кызым кубанганынан: “макул, эже, анда мен апама айтайын” десе, “телефонун берсең, апаңа өзүм кабарлап коём, иштейм десең, азыр кетишибиз керек, мени машина күтүп жатат”,- деп шаштырыптыр. Ошентип алып кетет. Жолдон тамак алып берип, жакшы сүйлөп, жакшы мамиле жасаптыр. Анан Алмата облусунун Чилик деген айылындагы бир бай казактын үйүнө алып барып, бир күн жатып, эртеси аял көрүнбөй калыптыр. Кызым ал үйдө беш ай кызмат кылыптыр. Үйлөрү бири-биринен обочо салынган, жалаң кыргыздарды иштеткен казактардын байлары жашашат экен

-Андагы кыргыздар менен байланыша алыптырбы кызыңыз?

-Кыргыздарды кайтарып, бири-бирине жолуктурмак түгүл, сүйлөштүрбөйт экен. Эмгек акысын колдоруна карматпай, “эмне керек экенин айт” дешип керектүүлөрүн өздөрү сатып беришет экен. Ошол жерде башка казактын малын кайтарып жүргөн кыргыз жигит кызымдын дайынын угуп калып, жолукканга аракет кылып баштайт. Бир күнү ыгын келтирип, кызым сууга барган жеринен жолугуп, таанышып, кайдан келгенин тууралуу сүйлөшүп калышат. Жигитти дагы өзүнүн эле тааныштары ошол жакка алдап алып барыптыр. Бир күнү экөө “бул жерден качалы” деп убадалашып алып, кожоюндары уктап жатканда, түн ичинде качып чыгышат. Казакстандын бөлөк айылына барып, дагы бир казакка жалданып иштеп, качып келгенин жашырышат. Ошол жерден тиги жигит экөө үйлөнүп, баласы сегиз айлык болгон кезде, “Кайдасың?” программасы аркылуу табылып калды. Кийин күйөө балам казактар “мага кыргыз кызматчылар керек” деп гезитке ачык эле жарнама беришет экен” деп. Азыр кызым беш балалуу болду, күйөө балам экөө жашап жатышат. Бул жагы кудайга шүгүр, бирок, Президентибиз Садыр Нургожоевичке жана кайрымдуу кыргыз элиме айта турган арыз-муңум бар эле.

-Айтыңыз?

-Адамдын башынан бак кетип, кырсык басыш деле заматта экен, кызым жоголгондон үч айдан кийин жолдошум дүйнөдөн кайтып кетти. Бир жагынан жесирлик башыма түшүп, кызымды издейм деп, карызга батып калдым. Кызым табылгандан кийин карыз берген адамдар карыздарын доолай башташты. Аргам кетип, үйүмдү сатууга туура келди. Жамандык оюмда жок, карызымдан кутулуп, калган акчасына кичирээк болсо дагы кайра үй сатып алам деген ниетим бар эле, бирок, ала албай калдым. Үйсүз калганыма быйыл беш жыл болду. “Чыккан кыз чийден тышкары” дегендей кызым өз жашоосу менен алек. Өзү беш баласы менен оокат кылып жатса, ушул заманда үстүнө барып жүк болгондон, кыздын күйөөсүнөн, кайын журтунан тартынат экенсиң. Үй-жайсыздар үчүн ачылган “Коломто” муниципалдык мекемесинде бир жыл жашадым. Анда жашаганда деле иштеп, акча табышың керек, көбү жумушка жараксыздар жашачу. Өтө жакшы эмес болсо дагы үч маал тамак берилет. Бирок, абдан кыйналдым. “Коломто” жайына мендей үйсүз адамдардан сырткары, көбүнчө селсаяктар, ичимдик ичкендер дагы жашайт же түнөп кетишет. Селсаяктардын, ичимдик ичкендердин өтө жагымсыз жытынан улам, ичпеген-чекпеген адамдын ал жерде узакка жашап калуусу мүмкүн эмес. Ошентип, ар кайсы жакта күн кечирип келем. Кээде иштеп, акчам болуп калганда батирге чыгып кетем, акчам жокто курбуларымдыкына жашап калам. Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында бир адамдын жетим-жесир, үй-жайсыздарга арналган беш бөлмөлүү үйү бар, ошол жерде бир ай жашадым. Анткен менен оор-оор жумуштарды жасатып, жаныңды тындырбай жумшайт экен, чыдай албай кетип калдым. Төрт ай мурун Ош базарынан жыгылып, сол капталым кыймылдабай, тилим сүйлөөгө, күрмөөгө күчү келбей калды. Кызымдын колунда үч ай жаттым. Үч ай бою жеткилең тамак жей албай, ичкен-жегеним жалаң суу болду. Июль айынын он бешинен тарта, балдак менен баса баштадым.  Ден соолугума байланыштуу мурдагыдай иштей албайм азыр. “Бир тоокко да жем керек” деген туура сөз. Учурда Көлдөгү бир пансионатта арга жок акырындан иштеп жүрөм. Пенсияга чыга элекмин. Бир убакта үйүм, ишим, үй бүлөм бар эле. Азыр баш калкалаар үйүм жок, ар кайсы жерде жашап жүрөм. Кайрымдуу адамдар болсо, бир бөлмө үйгө жетсем дейм…

Афина Бакирова

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!