Аялдар колониясынын кызматкерлери парламентте
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 мекемесинин (аялдар колониясынын) кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушууда депутат кызматкерлердин жоопкерчиликтүү жана татаал эмгегин белгилеп, алардын коомдогу маанилүү ролуна токтолду.
«Сиздер мыйзамдуулукту, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу менен бирге соттолгон аялдардын оңолушуна, коомго кайрадан аралашуусуна жана жаңы жашоо башташына көмөк көрсөтүп келесиздер», — деди ал.
Ошондой эле Эльвира Сурабалдиева кызматкерлерге мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан Ыраазычылык каттарды тапшырды.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер үчүн Жогорку Кеңештин имаратында атайын экскурсия уюштурулду. Анда аларга парламенттин ишмердүүлүгү, тарыхы жана имараттын заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.