"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Азамат Кадыров Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Кадыров Азамат Кадырович Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жерди пайдалануу маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.

Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.