Россиянын Владивосток шаарында өтүп жаткан “Азия балдары” VII эл аралык мелдешинде Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Нурхан Самидинов жана Ибрахим Умаров таэквондо боюнча 2 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 48 килограмм салмак категориясында Нурхан Самидинов күмүш медалдын, ал эми 73 килограмм салмакта Ибрахим Умаров коло байгенин ээси болду.
Белгилей кетсек, “Азия балдары” мелдеши 28-июлда старт алып, 8-августка чейин уланат.