Азия оюндары-2026: Ырыскелди Дүйшеев финалга чыкты

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 99

Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндары-2026нын алкагында кыргызстандык ММА спортчусу Ырыскелди Дүйшеев финалга чыкты.

Ал мелдешти чейрек финалдан баштап, палестиналык Сами Аккавени 3:0 эсебинде жеңген.

Бүгүн, 21-сентябрда өткөн жарым финалда тажикстандык Бехруз Хуршедшода менен беттешип, аны да 3:0 эсебинде утту. Натыйжада Ырыскелди Дүйшеев финалга жолдомо алды.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X