"Эркин-Тоо"

Азиядагы кызматташуу боюнча кеңешме эл аралык уюм болуп өзгөртүлдү

Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө-мамлекеттер Астанада өткөн жыйында аталган форумду эл аралык уюмга айлантуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Астанада Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешмени эл аралык уюмга трансформациялоо билдирүүсү кабыл алынды деп саналат», — деген Казакстан президенти.
Буга чейин Токаев саммитте сүйлөп жатып Казакстан кеңешменин толук кандуу эл аралык уюмга айланышына негизделген бир катар артыкчылыктарды аныктап алганын айткан.
«Мүчө-мамлекеттер Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешме де-факто уюм катары иш алып барып жатканын бир нече ирет талкуулаган. Биз жаңы уюм түзүп жаткан жокпуз, болгону  өнүгүүнүн жаңы этабына өтүп жатканыбызды белгилейм. Кеңешменин статусунун жогорулашы мамлекеттерди жаңы деңгээлге көтөрөт», — деген Токаев.
Саммитте кеңешмеге мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун коопсуздугу жаатында кызматташуу боюнча биргелешкен билдирүү да кабыл алышкан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!