Бүгүн, 27-июлда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мааламытка ылайык, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
27-28-июль күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталат. Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41°, Талас өрөөнүндө 34…39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37…42°, тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36°, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19°, жылуулукка чейин көтөрүлүшү мүмкүн.