"Эркин-Тоо"

БАЙСАЛОВДУН ОТСТАВКАСЫ СПИДден САКТАЙБЫ?..

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Глобалдык фонд тарабынан ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүүгө бөлүнө турган 29 миллион долларлык гранттык каражатын бөлүштүрүү маселесин карап жатышып, айрым депутаттар маселенин төркүнүн түшүнүптүшүнбөй, ушул документти КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзү демилгелеп алып келгендей аны катуу “тепкиге” алышты. Актоо үчүн эмес, тактоо үчүн айтып койчу нерсе, бул маселе кыргыз парламентинде буга чейин деле талкууланып келген. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери нечендеген эл аралык келишимдерге кол коюп, милдетин алган соң, аны аткаруу парз экенин эч ким айтпады. Тилекке каршы, эмоцияга алдырган кээ бир эл өкүлдөрүнүн арасынан Эдил Жолдубаевичтин кызматтан кетишин талап кылгандары болду. Сырттан байкап турган адамга Глобалдык фонддун акчасын быйыл эле Эдил Байсалов алып келип жаткандай сезилди. Андай эмес да. Маселени терең талдасак, СПИД жана кургак учук оорулары дүйнөлүк коомчулуктун тынчын алган дарттар. Андан калса, дал ушундай ооруулар менен ооругандардын саны жыл санап өсүп баратат. Бул бир.

Экинчиден, депутаттардын Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнүп жаткан каражаттарын натыйжалуу пайдалануу демилгеси колдоого арзыйт. Каражатты Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бөлүштүрүү талабы дагы туура. Каражаттын сарпталганы боюнча бир дагы бейөкмөт уюм отчет бербейт экен. Мындан тышкары, БӨУлар өздөрү каражат бөлүштүрүүгө катышып, өздөрү алышат дешет. 29 миллион доллардын 4,5 миллион доллары ПРООНдун кызматкерлерине айлык акы катары төлөнөт экен. Ушундан улам, Глобалдык фонддун каражатын бөлүштүрө турган комиссияны жоюп жиберүү дагы максатка ылайыктуу.

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын Глобалдык фонддун гранттык каражатынын бөлүштүрүү маселелерин катуу сындагандан кийин Кыргызстанда ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Өлкөнүн координациялык комитети (ККМ) жоюлгандыгын «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Менимче, маселе эл өкүлдөрү күткөндөн дагы эрте чечилди окшойт. Эми ПРООН менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууга шарт түзүлүп жатпайбы. Бул жерде Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылуунун кандай зарылчылыгы бар, түшүнүксүз.

Канткен менен Глобалдуу фонд тарабынан бөлүнүп жаткан гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарыл. Анткени, өлкөдө ЛГБТ жамааттары бар экенин, ВИЧ жана СПИДдин жайылуусу көйгөй жаратып келатканын тана албайбыз. Байсаловдун кызматтан кетиши менен СПИД маселеси чечилип калабы? Бул оңой маселе эмес. Анын тамыры тереңде жатат. Ага мамлекеттик деңгээлде комплекстүү чара көрүү кажет.

Таалайбек ЭШИМОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!