Бакыт Кыдыралиев: Аймагыбыздын өнүгүүсүндө ар бир жашоочунун салымы бар
Талас районундагы Шумкар-Уя айыл өкмөтү учурда ургаалдуу аракеттери менен өлкөбүздөгү алдыңкы жергиликтүү башкаруу органынын сабын толуктап келет. Зор ийгиликтери менен таанымал болгон айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Кыдыралиев биздин гезитибиздин окурмандары үчүн аймакта болуп жаткан ийгиликтери, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнү камсыз кылган жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн курамына Хан-Бүргө, Кеңеш, Сасык-Булак, Кара-Ой, Талды-Булак, Ак-Коргон айылдары кирет. Айыл өкмөтүнүн аймагында жалпысынан 10 772 адам жашайт.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Шумкар-Уя» айыл аймагы Талас облусунун «Эң мыкты айыл өкмөтү» деп таанылып, атайын байге менен сыйланган.
— Бакыт Мукамбетович, айыл аймагында өсүп келе жаткан жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүгө, алардын билим алуусуна шарт түзүүгө кандай көңүл бурулууда? Азыркы күндө бул маселе коомчулукта курч коюлууда…
— Албетте, өсүп келе жаткан муунга кам көрүү, билим берүү тармагына көңүл буруп, зарыл болгон шарттарды түзүп берүү биздин башкы милдеттерибиздин бири. Эң ириде алардын мекенге болгон сүйүүсүн, эне тилге болгон кызыгууларын ойготуу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп, аракеттерибизди жасап жатабыз. Эне тил – улуттун уңгусу, элдин руханий байлыгы экендигин алардын аң сезимине кыттай уютууга салым кошуу ар бирибиздин милдеттерибизге кирет эмеспи. Биз 23-сентябрь –
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагындагы мектептерде, бала бакчаларда жана китепканаларда тематикалык иш-чараларды уюштурууну камсыздадык. Мектептерде эне тилди даңазалаган көркөм окуулар болуп, ыр-бийлер аткарылды. Ал эми бала бакчаларда балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык жомоктордон үзүндүлөр, улуттук каада-салттарды чагылдырган чакан сценкалар жана тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү. Тарбиячылар тарабынан балдарга кыргыз тилин сүйүүгө, туура жана так сүйлөөгө, эне тилди урматтоого багытталган окутуу иштери жүргүзүлүп келет.
Иш-чаралардын максаты –мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилин урматтоо жана аны кеңири колдонууга өбөлгө түзүү, жаш муундарга эне тилдин баалуулугун жеткирүүгө багытталды.
Жаңы окуу жылына карата Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын демилгеси менен аймактагы 6 мектептин 1–4-класстарында билим алган 916 окуучуга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы мектеп формалары тигилип, акысыз берилди. Формалар Чоң-Токой айылындагы айыл өкмөтүнө караштуу тигүү цехинде жергиликтүү тигүүчүлөр тарабынан тигилди. Балдар үчүн — «четверка», кыздар үчүн — «пятёрка» үлгүсүндөгү формалар даярдалды. Бул демилге окуучулардын мектеп формасын бирдей кылып, мектептин талабына ылайык бирдей кийинишин камсыз кылуу менен бирге, ата-энелерге да чоң колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылды.
Андан сырткары, Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Талды-Булак айылындагы «Бакай-Таш» орто мектеби толук оңдолуп, окуучуларга эшигин ачты. Курулуш иштерине каражат айылдык кеңештин чечими менен жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Каржылык колдоонун негизинде эски мектеп толугу менен жаңыртылып, заманбап абалга келтирилди. Ошондой эле ичиндеги эмеректери да жаңыланды. Мындан тышкары коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп, айылга 64 видео байкоочу камералар орнотулду. Жаңыланган мектептин ачылышында айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев менен бирге окуучулар менен мугалимдерди «Билим күнү» менен куттуктадык.
Эске салсак, М.Туйтунов атындагы «Бакай-Таш» орто мектеби 1984-жылы курулуп, бул күнгө чейин толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.
Билим — элдин келечегин аныктаган эң чоң күч. Андыктан мамлекетибиз жаш муундарга сапаттуу билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзүп жатат. Биз дагы салым кошуп, мектептерибизди жаңыртып, окуучулар үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган иштерди жүргүзүп жатабыз. А.Бөрүбаев атындагы Көк-Арык жана Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү — Феруза Абдыжапарова менен Назми Жаныбекова жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларга ээ болуп, айыл аймагыбыздын сыймыгына айланышты. Абдыжапарова Феруза — 203 балл, Жаныбекова Назми — 207 балл топтогон.
Бул ийгилик окуучулардын талыкпас эмгегинин, мугалимдердин үзүрлүү аракетинин жана ата-энелердин колдоосунун үзүрү.
Жаштарыбыздын мындай ийгилигин көз жаздымда калтырбай, алдыӊкы бүтүрүүчүлөргө 50 000 сомдук сертификаттарды тапшырдык.
Ар дайым билимдин туу чокусун багындырып, ата-энеңердин, мектебиңердин жана туулуп-өскөн айылыңардын сыймыгы болуп жүрө бергиле деген ак тилектерибизди айттык.
— Аймактагы бала бакчалардын абалы кандай?
— Бала бакчаларды ишке киргизүү биздин көңүлүбүздүн борборунда турган маселе. Мамлекетибиздин эгемендүүлүк күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагынын Кеңеш айылында жаңы бала бакча ачылды. Ошондой эле “Шумкар-Алтын Балалык” бала бакчасы дагы чоң салтанат менен ачылды.
Анан дагы КР Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгынын алкагында Шумкар-Уя айыл аймагында окуучулар арасында кол өнөрчүлүк боюнча сынак өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, каада-салттарын, кол өнөрчүлүк өнөрүн жана маданий мурасын жаш муундар арасында даңазалоо болду.
Сынакка аймактагы мектеп окуучулары активдүү катышып, өздөрүнүн кол эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Катышуучулардын улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырган эмгектерин атайын түзүлгөн калыстар тобу баалап, мыктыларын аныкташты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор, сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
I орун – Г.Орозалиева атындагы орто мектеби;
II орун – М.Туйтунов атындагы Бакай-Таш орто мектеби;
III орун – Хан-Бүргө орто мектебинин окуучулары ээ болушту.
Бул иш-чара окуучулардын улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырып, кол өнөрчүлүк өнөрүн өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин бай руханий-маданий мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө чоң салым кошту.
— Аймакта туризмди өнүктүрүү үчүн кандай иш-чаралар колго алынууда?
— Биздин аймакта санаторий тибиндеги “Черди” туристтик эс алуу жайы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен курулду. Ал жерде маралдын мүйүзү менен дарылоо иштери келерки жылдын май айынан баштап киргизилет. Анда ден соолугуна шыпаа издеген адамдар 20 мүнөттөн 5 же 10 жолу дарыланып чыгышса жыйынтыгы абдан жакшы болорун дарыгерлер айтышууда. Эс алуучу жердин жаратылыш шарты дагы абдан жакшы. Тоого жакын, абасы таза, мөлтүр кашка тунук суу эс алуучу аймактын жанынан өтүп турат. Ошондуктан, аймактагы томолой жетим, майыптыгы бар балдардын катышуусунда атайын бир программанын алкагында иш жүргүзүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Муниципалдык бул дарылоо мекемеси жергиликтүү эл үчүн мол кирешенин булагы боло тургандыгы талашсыз. Аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзүлүп, бир нече жумушчу орундары түзүлдү.
Эс алуучулар үчүн сапаттуу жыгачтан бардык шарттары бар заманбап мончо, ашкана, ден соолукту чыңдоочу бөлмөлөр жана 10 заманбап «Барнхаус» үйү курулду. Жалпы наркы 85 млн сом.
Долбоор «Альянс Алтын» компаниясынын демөөрчүлүгү жана жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашты.
Эс алуучу жай муниципалдык багытта иш алып барып, жергиликтүү бюджетке киреше алып келе баштайт. Ошондой эле аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. Аталган жай Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата ачылды.
Ошондой эле аймакта “Тайжорго” туристтик комплекси ачылып, эл үчүн иштеп жатышат. Бул жерде ары-бери каттаган айдоочулар, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттары бар рест-поинт ачылды. Мында сутка ичинде шам-шум эте турган азыктардын, суусундуктардын түрлөрү арбын. Ашкана, ажаткана, эне-бала бөлмөлөрү жаркырап, эл кызматында. Тейлөө кызматы күнү-түнү иштеп турат. Электромобилдерди кубаттай турган мүмкүнчүлүктөрү бар туристтик комплексиндеги “Тайжорго” ашуусуна тайдын айкелине чыгуу үчүн атайын жөө басып чыгуу үчүн тепкичтер салынган. Ашуунун туу чокусуна чыгып заманбап дүрбүлөр менен айлананын кооздугун карап, суктанууга болот. Бийиктиктен туулган жериңдин керемет көрүнүшүн көрүү Мекенди сүйүүгө болгон сезимиңди күчөтөт эмеспи. Демөөрчү “Алтын Альян” компаниясы ал жердеги тоо боорундагы тайдын айкелин тургузуп берип, калган каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Санариптик ыкмаларды дагы колдонуп, тайдын айкелинин алдына тарых-таржымалы камтылган QR-код коюлган. “Манас” эпосунда бул жерден Манас баатырды Тайтору жорголоп тосуп чыккан. Ошондуктан, ал жер Тайжорго аталып калган. Мазмундуу тарыхы бар Тайжоргонун бөбөктөрдү, жаш муундарды тарбиялоодо мааниси зор. Эми бул аймак жалпы райондун туристтик жайына айланды. Алыстан ат арытып келген конокторубуз дагы Талас өрөөнүнүн ушунчалык өнүгүп-өсүп жаткандыгына ыраазы болуп, алкыштарын айтууга негиз болоор шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз.
— Элдин жашоо-шартын, ин-фраструктураны жакшыртуу үчүн көп иштер жасалып жатканын билебиз. Аларды өзүңүздүн оозуңуздан уксак болобу?
— Жакшы болот. Кеңеш айылындагы Нурак көчөсүнө жалпысынан 2 400 метр асфальт төшөлүп, жол пайдаланууга берилди. Бул жол айылды баштан аяк аралап өтөт. Биз жолду оңдоо менен бирге электр чубалгыларын кошо калыбына келтирип, суу лотокторун заманбап кылып салып бердик. Бул убакка чейин биз эки айылыбыздын жолдорун ушундай кылып зыңкыйттык эле азыр Сасык-Булак айылында иштер уланууда. Жакынкы аралыкта биз бардык айылдардагы жолдорубузду оңдоп бүтүрөбүз. Шумкар-Уя айыл аймагын бойлой өткөн Суусамыр–Талас–Тараз автожолуна 12 даана таштанды урналары орнотулганын эскертип, унаада баратып таштандыны жол боюна ыргытпоого, эринбей урнага салууларын, табиятка аяр мамиле кылууну өзүбүздөн баштайлы деп аймагыбызды аралап өткөн жүргүнчүлөрдөн өтүнүп жатабыз.
Талды-Булак айылында мындан 10 жыл мурун курулган футбол аянтчасын баштан-аяк жаңылап, спорт ышкыбоздору үчүн кайрадан ачтык. 2 млн сомду депутаттардын демилгеси менен “Алтын Альянс” ишканасы каржылап берди. Балдарыбыздын арасынан Кыргызстандын намысын талашкан мыкты спортсмендер чыга тургандыгына ишенем. Талды-Булак айылында кичи футбол аянтчасы салтанаттуу ачылды. Бул саамалык Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештеги депутаттардын демилгеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Узакбаевдин колдоосу жана «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык жардамы менен жүзөгө ашырылды. Натыйжада эски спорт аянтчасы заманбап талаптарга ылайык оңдолуп, жаштардын жана спорт сүйүүчүлөрүнүн пайдалануусуна берилди. Айылдын өнүгүшүнө жана спорт тармагына кошкон зор салымы үчүн бир катар кызматкерлер Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Жаңы спорт аянтчасы жаштарды сергек жашоого үндөп, алардын спорттук жетишкендиктерине өбөлгө болот деген ишеним чоң.
Ал эми Ак-Коргон айылында «Дастан» кичи футбол аянтчасы ачылды. Аталган аянтча Президенттин резервдик фондунун колдоосу менен курулду. Бул демилге сергек жашоо образын жайылтууга жана айыл жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Буга чейин бул айылда футбол аянтчасы жок болгондуктан, бул шарттар тоо боорундагы жергиликтүү калкка чоң кубаныч тартуулады.
— Сиз жогоруда спортчулар тууралуу сөз козгоп кеттиңиз. Айыл аймакты алыска таанытып жаткан жаш спортсмендер тууралуу айтып бериңизчи?
— Кеңеш айылынын жаш спортчусу Аманбеков Акбар Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында I орунду ээлеп, өлкөбүздүн жана Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн намысын эл аралык деңгээлде татыктуу коргоду.
Аталган чоң жетишкендиги үчүн спортчуга 100 000 сом, ал эми машыктыруучусу Насир уулу Бексултан агайына 50 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.
Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча III орунду камсыздап, өлкөнүн намысын коргогон Таңчолпон Кыбалбековага эл аралык аренадагы жогорку жетишкендигин баалап, балбан кызга 100 000 сом өлчөмүндөгү сертификатты тапшырдык. Бул сыйлык Таңчолпондун үзүрлүү эмгегине, өжөрлүгүнө жана Кыргызстанды, анын ичинде Шумкар-Уя айыл аймагын эл аралык деңгээлде татыктуу даңазалаганына берилген жогорку баа.
Кеңеш айылында грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өттү. Спорттук иш-чара милициянын полковниги Сартбек Жуматаевич Солтоновдун жаркын элесине арналып уюштурулду. Турнирге Кыргызстандын аймактарынан, коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Европанын Эстония мамлекетинен келген жаш балбандар катышып, күч сынашты.
Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө жана өзгөчөлөнгөн спортчуларга атайын дипломдор, медалдар жана баалуу белектер салтанаттуу түрдө тапшырылды. Белгилей кетсек, Сартбек Солтоновдун элесине арналган бул эл аралык мелдеш Шумкар-Уя айыл аймагында ушуну менен үчүнчү жыл катары менен жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатат.
— Аймактагы өзгөчө кырдаалдарды жоюуда кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
— Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жалпы эле коопсуздук үчүн маанилүү иш-чара эмеспи. Маселен, атап айтсам, аймактагы Саз-Булак айылындагы 307 метр аралыктагы жабык дренажды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Айыл аймагындагы өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имаратын куруу боюнча бөлүнүп берилген жер тилкеге куруу иштери планга киргизилди. Жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо максатында ушул иштер аткарылууда.
— Тазалыкты сактоо, калкты тейлөө жаатында кандай иштер жүрүп жатат?
— Тазалыкты сактоо айыл аймагынын администрациясынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күн тартибинде турган маселе. Элибизди сапаттуу тейлөө максатында «Шумкар Суу» муниципалдык ишканасы жаңы «Портер» унаасы менен камсыздалды. Аталган техниканы сатып алууну айылдык кеңештеги депутаттар колдоп, каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү. Жаңы унаанын тапшырылышы муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн чыңдап, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Айрыкча аймактагы таза суу системаларын тейлөөдө, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуда жана оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүдө техниканын мааниси чоң. Мындан ары кызматкерлер керектүү шаймандарды жана жабдууларды тез жеткирип, калктын кайрылууларына ыкчам жооп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
— Тажрыйба алмашуу — өнүгүүнүн негизги кадамы эмеспи, бул багытта кандай аракеттер болууда?
— Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн депутаттары жана кызматкерлери тажрыйба алмашуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып келгенбиз. Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча пикир алышып, башкаруу, калкка кызмат көрсөтүү, социалдык-экономикалык өнүгүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Белгилей кетсек, аталган Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында Макмал алтын кени ийгиликтүү иштеп келет. Жолугушуунун алкагында кен ишканасынын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да кеңири маалыматтар берилди.
Мындай пайдалуу иш сапарлар жаңы идеялардын жаралышына, тажрыйба топтоого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин мындан ары дагы өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Шумкар-Уя айыл өкмөтү өлкөдөгү эң бай айыл өкмөттөрдүн катарына кирет. Анткени, айыл өкмөттүн жетекчиси Бакыт Кыдыралиевдин акыл зиректиги, уюштуруу жөндөмүнүн артыкчылыктары менен көптөгөн иштер жүрүүдө. Мисалы, атайын техникалар сатылып алынып, кен казган компания менен келишимдик негизде кызматташууда. Айыл өкмөттүн бюджетин көтөрүүгө бул аракеттер чоң салым кошууда. Аймакта бала бакчалар курулуп, мектептер капиталдык ремонттон өтүүдө. Жолдорду асфальттоо иштери жүргүзүлүп, аймактын жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мунун баары айыл өкмөт башчысы Кыдыралиев Бакыт башында турган ынтымактуу команданын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын аракеттери менен ишке ашууда. Келечекте ийгилик артынан ийгиликтер жылоологон Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө өнүгүү кадамдары алгалай бермекчи.
Маектешкен Раиса Дүйшөнбекова