"Эркин-Тоо"

Балыкчыда жүк ташыган унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду

 Тоң районунун аймагында жүк ташыган унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда (Тоң району) жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган «HOWO» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрттүн чыгышына жол ачкан. Өрт саат 23:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Кырсыктын кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болуп, анын өздүгү такталууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!