Башталган иштин аягы жакшы…
Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич массалык маалымат каражаттарына өзгөчө көңүл бөлүп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканы медиа өкүлдөрүнө дем-күч берээри анык.
Мындан төрт ай мурда, тактап айтканда 2026-жылдын апрель айында КРнын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Орунбеков Дайырбек Тейишович жана КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек мырза баштаган жетекчилер “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин, “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн редакциясы жайгашкан имараттын абалы менен таанышып, Президентибиздин колдоосу менен кылымга тете болгон эски имарат оңдоо-түзөөдөн өтүп, жаңыланып, заманбап имаратка айлана турганын айтышкан. Арадан бир ай убакыт өтпөй, Абдумомунов 193-дарегиндеги имаратыбызды оңдоп, түзөө үчүн курулуш иштери башталган.
Аталган имарат 1938-жылга таандык болгондуктан, эскилиги жетип, чатырынан суу агып, канализациялары, электр системалары жарактан чыгып, полдору чирип калган. Мына бүгүн “Башталган иштин аягы жакшы” демекчи, курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Курулушчулардын айтымында учурда чатыры жаңыланып, төбөсү, дубалдары шыбалып, электр системалары, интернет кабелдери орнотулуп аяктап калыптыр.
Курулушчулардын тынымсыз иштеп, имараттын жаңыланып жатканын көрүп көз сүйүндү. Буйруса, Мамлекет башчыбыздын жана анын командасынын колдоосунда Эгемендүү мамлекет менен жашташ “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 35 жылдык мааракесин утурлай жаркыраган, заманбап, журналисттер үчүн баардык шарты түзүлгөн имаратта иш алып бараарыбызга кубанып турабыз. Өлкөбүз өнүгүп, иштер илгерилей берсин!