"Эркин-Тоо"

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын 2 ай ичинде аткарган иштери боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү

Бүгүн, 3-март күнү Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча 2023-жылдын 2 айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Ага Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын начальниги милициянын подполковниги Боенов Мирлан Туратбекович жана орун басары милициянын майору Исаев Абдибасыт Абдулакимович Баткен облустук прокуратурасынын укуктук статистикалык жана эсепке алуу бөлүмдүн прокурору А.Касымов, ошондой эле райондук, шаардык бөлүмчөлөрүнүн начальниктери жана улук инспекторлору катышты.

Ыкчам кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин жана Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна укук бузуулар жөнүндө жазылган протоколдорду туура каттоо боюнча бир канча маселелер каралып аны менен жол кырсыгынын алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн жолдогу коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмчөлөргө тапшырмалар коюлду.

Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!