"Эркин-Тоо"

Баткенде канча мектеп иштебей турганы айтылды

Баткен районунда 37 мектеп жана 36 бала бакча иштебей турат. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.

Анын айтымында, райондо жалпы 55 мектеп жана 48 бала бакча бар.

“Алардын ичинен 17 мектеп, 12 бала бакча иштеп жатса, кооптуу аймактардагы 37 мектеп жана 36 бала бакча иштебей турат”, — дейт ал.

Жоробаев район аймагынан 60 миңге жакын жаран эвакуацияланганын айтып, алардын 26-30 миңи район ичинде калганын кошумчалады.

Баткен районунда учурда абал салыштырмалуу туруктуу экендиги айтылат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!