Бейтаптарды текшерүүдө жасалма интеллект колдонулат

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91

Улуттук онкология жана гематология борборунун диагностикалык жабдуулары жаңыланды. Медициналык мекемеге жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү төрт премиум класстагы ультраүндүү изилдөө аппараты орнотулду.

Жаңы жабдуулар диагностикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, бейтаптарды текшерүүнүн сапатын жогорулатууга жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун арттырууга багытталган.Возможно, это изображение рентген, больница и текст

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев белгилегендей, медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо менен катар заманбап диагностикалык технологияларды киргизүү да маанилүү.

«Бул бейтаптарга зарыл болгон текшерүүлөрдөн өз убагында жана заманбап технологиялардын жардамы менен өтүүгө шарт түзөт. Жасалма интеллект технологиялары дарыгерлердин ишинде кошумча интеллектуалдык жардамчы курал болуп кызмат кылат», — деди ал.

Ошондой эле жаңы жабдуулардын орнотулушу менен эхокардиографиялык изилдөөлөрдү түздөн-түз Улуттук онкология жана гематология борборунда жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул жаңылануу бейтаптар үчүн диагностикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана адистештирилген медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган.

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X