"Эркин-Тоо"

Бекжан КАЗАКБАЕВ: “КАРАПАЙЫМ ЭЛ ЭЧ НЕРСЕДЕН КЕМ БОЛБОШУ КЕРЕК!”

Аламүдүн районундагы Маевка айыл өкмөтү борбор калаабыз Бишкек шаарына ирегелеш жайгашкан. Бул аймактын курамына — Маевка, Лесхоз, жана МТФ-2 айылдары жана Соң-Көл, Биримдик, Теңдик жаңы конуштары кирет. Аймакта расмий түрдө 10 700 калк жашайт дешкени менен кирипчыккан ички миграциянын агымы катуу болгондуктан, азыр болжолдуу түрдө аймакта 20 000 адам жашайт. Маевка айыл өкмөтүндөгү административдик башкаруу тармагында өз жоопкерчиликтерин жогору койгон, чыныгы кесипкөй адамдар эмгектенишет. Негизи айылдагы ийгиликтердин жаралуусуна айыл аймактын аппаратынын курамында күчтүү, намыстуу, иш билги, эмгекти сүйгөн адамдардын мол экендиги себеп болууда. Айылдын кадырлуу инсандары, ардагерлери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тармагынын максатка ылайык үзүрлүү иш алып баруусунда тыным албай эмгек өтөшүп, ийгиликке алып барчу жолго туура багыт беришүүдө. Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Тогузбаевич менен болгон маегибизде аймактагы ийгиликтер туурасында сөз болду.

— Бекжан мырза, өткөн жылы сиз жетектеген айыл аймакта колдоого алаарлык көп жаңылыктардын болгондугун билебиз. Кубанычтуу окуялар туурасында биздин окурмандар менен ой бөлүшө кетпейсизби…

— Жакшы болот. Чындыгында эле ар бир жылдын башында өткөн жылдагы кубанычтуу окуялар туурасында канааттануу менен эстейбиз. Өткөн жылы аймактын социалдыкэкономикалык жактан өнүгүү багытын камтыган ишпланыбызды дээрлик толугу менен аткарууга жетиштик десем болот. Оболу жол маселесине токтолоюн. Анткени, бул маселе биздин аймак үчүн өтө маанилүү. Өткөн жылы айыл аймакка караштуу эки жолубузду оңдоп алдык. Көптөн бери оңдоого муктаж болуп турган жолубуздун бирөөсүн толук бүтүрүп алдык, ал эми бирөөсүн оңдой баштаганыбыздан кийин аба ырайы жаан-чачыл болуп, эрте жазга чейин ишибизди токтотуп турабыз. Жолдун жарымынан көбү асфальтталып калды. Айыл аймактын жаңы конуштарындагы жолдор дагы начар абалда турат, алар дагы көңүл чордонунда. Баардыгын жасоого каражатыбыз тартыш болсо дагы ар бир конуштун борбордук көчөлөрүн асфальттап, иретке келтирип коюу күн тартибинде турган маселе. Учурда аймагыбыздын көчөлөрүнө кум-шагыл төшөө иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары, саркынды сууларды агызуучу борбордук түтүккө кошулган түтүктөрдү тазалоо үчүн шаардык “Сууканал” мекемеси менен макулдашып, бул ишти бүтүрдүк. Андан соң, Маевка айыл өкмөтүнүн бардык аймактарын борбордук саркынды сууларды агызуучу түйүнгө кошуу үчүн ишти баштадык. Албетте, бул максатты аягына чыгаруу үчүн көптөгөн аракеттер талап кылынат. Биз ошол иштин баарын эсибизге алып, аткарыла турган жумуштарды эсептеп жатабыз. Саркынды сууларды агызуунун техникалык шарттары иштелип чыккандан кийин, долбоорлорун даярдайбыз. Ушул иштердин баарын иреттүү бүтүрүү үчүн каржы маселелерин чечүү аракеттерин көрүп жатабыз. Биздин оюбуз боюнча буюрса бир-эки жылдан кийин ушул иш аягына чыгат.

— Аймакта таштандыларды арылтууда маселелер жаралган жокпу? Андан башка калкты таза суу менен камсыз кылуу, айылдын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу маселеси дагы учурдун талабы да…

— Чындыгында эле азыркы мезгилде таштанды маселелери көп көйгөйлөрдү жаратууда. Азыр биз ошол таштанды маселелерин чечүү үчүн бир ишкана ачуу, ал ишкананы эң зарыл болгон техникалар менен камсыз кылып, аймак ичиндеги таштандыларды өз маалында сыртка ташып кетүү мүмкүнчүлүктөрүнө жетишүүгө умтулуудабыз.

Биздин аймакта таза суу маселелеси 80-85 пайызга чечилип, элибиз таза суу менен тегиз камсыз болушкан. Учурда бизде таза суу чыгарууда кеңири керектеле турган шаймандардын запастык бөлүктөрү дагы бар. Өткөндө насосубуздун кабелдик бөлүгү үзүлүп, аны алмаштырдык. Ар кандай көйгөйлүү маселелер жаралбасы үчүн алдын ала тетиктер менен камсыздоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Ар бир скважинанын абалына жараша насостордун комплекттерин алып даярдап койдук. Таза суу менен камсыз кылган чордондордун зарыл документтештирүү иштерин бүтүрүп, алардын тегерегин калкалап, кам көрүү аракеттери көрүлүүдө.

Көчөлөрдү жарыктандыруу иштерине биринчи кезекте көңүл бөлүү зарылчылыгы келип чыкты. “Түндүкэлектр” ишканасы аркылуу алюминий чубалгылары башка кабелдер менен алмаштырылгандыгына байланыштуу көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жанданууда. Жогоруда айтып кеткенимдей биздин аймакта көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар ынтымактуу жашап, бакубат келечектин камын көрүп жатышат.

— Кыш мезгилине кандайча камылга көрдүңүздөр?

— Биздин аймакта быйыл кышка даярдык жакшы эле. Ар бир мекеме-уюмдарды көмүр менен камсыз кылуу өз убагында жүрдү. Мурун социалдык тармактарга көмүр түшүрүп алуу үчүн ар бир тоннасына 1,500 сомдон бөлүнүп келсе, бул жылы 5000 сомдон бөлүп бердик. Аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөлөргө, майыптарга, ар кандай жеңилдиктери бар 140 үй-бүлөгө 700 миң сом бөлүнүп берилди. Айтор аялуу, жардамга муктаж үйбүлөлөргө жардамдарды бердик. Муниципалдык ишканаларга өз убагында жардамдар берилди.

— Айыл аймагында кайрымдуулук иштеринин абалы кандай?

— Өткөн жылы Баткен коогалаңы элибиздин башына күйүт салды. Чек ара жаңжалынан кийин коопсуз жайларга көчүрүлгөн үй-бүлөлөрдөн биздин аймакка дагы тынчтык, бейпил жашоо издеп келишкендер болду. Биз аймагыбызга убактылуу баш паанек издеп келген 78 баткендик боордошторубузга жардам бердик. Аларга жашай турган үйлөрдү камсыздап, элибиз аларга жакындан жардам берди. “Көп түкүрсө көл болот” — демекчи, элибизден каражат чогулуп, кийим-кече, тамак-аш, дарыдармектер менен камсыз болушту. Чогулган каражаттарды “Маевка ынтымагы” аттуу жаштардын коому көзөмөлгө алып, ар бир тыйындын эсебин берип турушту. Ушул бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ошол жаштарыбызга ыраазычылыгымды билдирем. Албетте, айыл өкмөт тарабынан дагы жардамдар берилип, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлдү. Азыр 19 үй-бүлө биздин аймакта жашап, балдары мектептен билим алышууда.

— Инвесторлор менен иштеп жатасыздарбы?

— Маевка айылынын мамлекет тарабынан берилген муниципалдык жерлери болбогондугуна байланыштуу инвесторлорду тартуу кыйын болуп жатат. Анткени, биздин аймак борбор калаабыздын капталында болгондуктан бир чарчы метр жер дагы бош калбай элге берилип кеткен. Ошондуктан инвесторлор менен аларга бир сунуш айтуу оор. Биз эң чоң маселеге айланып турган бала бакча маселесин дагы чече албай келе жатабыз. Ал эми билим берүүчү мектепке кошумча имаратты куруп берип, окуучулардын санын көбөйттүк. Ошентсе дага бала бакча куруу боюнча иш алып барып жатабыз. Калган күндөлүк жашоо-турмушка зарыл болгон курулуш иштерин өзүбүздүн күчүбүз менен жүзөгө ашырып жатабыз. Маселен, аймагыбыз дарыя жээгинде жайгашкандыктан жөө адамдар өтө турган көпүрөлөрдүн абалы өтө опурталдуу абалда турат. Ошолорду оңдоп-түздөө иштери дагы жанданып жатат.

Андан башка айыл өкмөттүн кеңсеси оңдоо иштерине муктаж болгондуктан өткөн жылы кеңсебиздин ичин толугу менен оңдоп, кабинеттерибизди жаркыратып алдык. Азыр болсо кеңсебиздин сырткы көрүнүшүнө көңүл буруп, оңдоотүзөө иштери менен алек болууну пландаштырдык. Аймагыбыздын жашоочулары таң эртеден күн батканга чейин ар кандай маселелерин чечип алуу үчүн эшик тындырбай келип-кете беришет. Анан биз дагы “Эшигин көрүп төрүнө өт” — деген накыл кептин маанисине баа берип, заман талабына жараша иш жасаганды туура көрдүк.

— Учурунда мыйзамсыз берилип кеткен объекттерди, жерлерди кайра алуу боюнча эмнелерди жасап жатасыздар?

— Албетте биз бул багытта иштерди жасап, мыйзам чегинде чечүү аракеттери көрүлүүдө. Бирок, узакка созулган териштирүү иштери аягына чыкмайынча бир нерсе деп айтууга болбойт. Илгери мыйзамсыз берилип кеткен мамлекеттик бала бакчанын имаратын алуу үчүн жасаган аракеттерибиз натыйжалуу болот деп ишенебиз. Анүчүн учурда көп аракеттерди жасап жатабыз. Жогорку бийлик өкүлдөрүнө дагы кайрылып, бул маселенин адилеттүү чечилүүсүнө көзөмөлдүк кылуусуна карата жардам сурайбыз.

— Аймакта эс алуучу жайлар көппү?

— Аймактын төмөн жагында илгертен эле сейил бак катары колдонуп жүрүшкөн эс алуучу жай бар. Бирок, ал бак ичи учурда кароого абдан муктаж. Биз эми ушул бактын документтерин бүтүрүп, заманбап сейил бакка айландыруу үчүн инвесторлорго кайрылалы деп жатабыз. Анткени, ал сейил бакты баштан-аяк кайрадан жасап чыгуу үчүн аймактын бюджети көтөрө албайт.

— “Жаз камын кышта көр”- демекчи, кыш тез эле өтөт эмеспи. Жазгы талаачылык иштерине камылга көрүлө башталган чыгар…

— Акыркы мезгилде климаттык абал катуу өзгөрүүлөргө туш болуп, кургакчылык дыйкандарды көп эле кыйынчылыкка салып койду. Ошондуктан, учурда ызгаардуу кыш мезгили болсо дагы айыл аймакта сугат суу жеткирчү аралыктардагы арыктарды тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Анткени, сугат суу маселесин чечүү бүгүнкү күндүн башкы маселелеринин бири. Ушул мезгилге чейин ирригациялык маселелерге жеткиликтүү көңүл бурулбай келгендиги кийинки убактарда катуу байкалып жатат. Ар бир тамчы сугат сууну максаттуу пайдалануу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Сугат сууну коромжусуз пайдаланууга багытталган түшүндүрүү иштери менен кошо ички чарбалык каналдары дагы толук тазаланууда. Бул багытта атайын долбоор жазып, жөнөкөй арыктардын ичине атайын калыпталган лотокторду төшөп, сугат суунун коромжу болтурбоонун алдын алуудабыз. Учурда мөңгү суулары азайып, сугат суунун таңкыстыгы күчөп бара жаткан маалда бул аракеттер абдан таасирдүү, актуалдуу болмокчу. Тээ илгери биз бала кезде бак ичиндеги, көчөлөр боюндагы арыктарга суулар толуп, ташып агып турчу. Азыр болсо сугат суу азайгандан азайып, берекеси кетип бара жатат. Биз ошол сугат суунун ар тамчысын үнөмдөп, сугарууга жумшасак деген максаттарыбыз бар.

— Келечектеги максаттарыңыз кандай?

— Аймактын эли эч нерседен кем болбой бакубат, бактылуу өмүр сүрүшсө экен деген санаа менен алдыбызга көптөгөн максаттарды койдук. Бала бакча, мектеп, сейил бактарды заман ыргагына жараша уюштуруп берип, калкыбызга татыктуу кызмат кылсак дейм. Андан тышкары, айылыбыздагы стадиондун ичинде спорт комплексинин жаңы долбоорун аяктадык. Жашоочуларыбызга, жаштарыбызга арналган спорт комплекси курулуп бүтсө, көчөдө максатсыз баскан жаштар азайып, спорт менен машыгышат эле.

Айыл өкмөт башчысы Бекжан мырзанын өз кесиби эколог болгондуктан ал айыл аймакты жашыл ааламга айландырууну максат кылууда. Жакында аймакка ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү отургузула баштамакчы. «Андан соң айыл аймагына бала бакча маселесин чечип берип, жаңы орто мектептин имаратын куруп, пайдаланууга берип алсак чоң максаттарым ишке ашып, эл алдында жүзүм жарык болот эле» — дейт Бекжан Тогузбаевич. Ошентип, жогоруда айтканыбыздай Аламүдүн районундагы Маевка айыл өкмөтүнүн жашоочулары адал эмгектери менен алга карай аракеттенишип, ийгиликтерди жаратышууда. Аймакта жашаган ар улуттун өкүлдөрү бир ата-эненин балдары сыңары ынтымакты туу тутуп, ырыс-кешиктүү келечекке умтулушуп, аймакты көрккө бөлөшүүдө.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!