"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги такталууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинин алдында Кыргызстандын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда Кыргызстандын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарындагы калктуу конуштардын тизмесин тактоо жана калктуу конуштарда жашаган калктын санын актуалдаштыруу маселелери каралган.

Илимий изилдөөлөргө таянып, эл аралык сунуштамаларды жана колдонмолорду жетекчиликке алуу менен, бийик тоолуу калктуу конуштарга деңиз деңгээлинен 2000 метрден жогору жайгашкан калктуу конуштарды гана киргизүү боюнча сунуш талкууга алынды. Бүгүнкү күндө бийик тоолуу калктуу конуштардын бекитилген тизменин ичинде 2000 метрден төмөн жайгашкан калктуу конуштардын саны 30%ды түзөрү белгилүү болуп, ошол эле учурда жогоруда атлган тизмеге кирбеген дагы бир топ калктуу конуштар аныкталган.

“Бул инвентаризациялоо иштин жыйынтыгында, 1990-жылдары бекитилген тизмелерге Министрлер Кабинети тактоо жана толуктоолорду киргизүү боюнча КР Жогорку Кеңешине сунуштар менен кайрылат. Кандай болгон күндө дагы, бардык өзгөрүүлөр этап этабы менен жүргүзүлөт. Муруңку чектелген төлөмдөр кыскартылбашын камсыз кылышыбыз керек. Эл менен кеңешип, азыркы жаңы курулган ири жолдор, климат, аба ырайы да өзгөргөнүн жана эл аралык жана атамекендик окумуштуулардын пикирин эске алышыбыз милдет” — деди Эдил Байсалов.