"Эркин-Тоо"

Бир мандаттуу үч округда шайлоодо талапкер болуу үчүн 42 киши арыз берди

Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

Боршайкомдун маалыматына караганда, Ош округунан 18, Кара-Суу жана Баткен округдарынан 12ден киши шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берди.

Эми БШК алардын документин 8-апрелге чейин текшерип чыгып каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгарат. Андан кийин үгүт өнөктүгү башталып, ал 27-апрелге чейин уланат.

Аталган үч округда шайлоо 28-апрелде өтөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!