Жаңы жылдан кийинки дем алыш 9-январга чейин созулганына байланыштуу алдыдагы бир нече ишемби, иш күнү болот. Белгилей кетсек, 9-январь Рождество майрамына карата 7-январь эс алуу күнү болмок, себеби майрам ишембиге туура келген. Бирок кыргызстандыктар анын ордуна 3-январда эс алышты. Ал эми 25-февралдагы ишемби 4-январдагы дем алыштын ордуна иш күнү болмокчу. 11-марттагы ишембиде 5-январдагы эс алуу күндүн ордун толуктап, иштөөгө туура келет. Ошондой эле 6-январдагы дем алыштын эсебинен 25-март ишемби күнү жумуш күнү болуп саналат.