16-январга караган сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында 27 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Бир суткада куткаруучулар 7 чакыруу боюнча жардам көрсөтүшкөн.