"Эркин-Тоо"

Гималайдагы Манаслу чокусун багынткан кыргызстандык альпинисттер Бишкекке келишти

Гималайдагы Манаслу чокусун багынткан кыргызстандык альпинисттер Бишкекке келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты миинстрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 7 кишиден турган альпинисттер тобунда, команданын капитаны Сергей Селивёрстов, долбоордун жетекчиси Кадыракун Нурмаматов, Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, ошондой эле Андрей Ерохин, Асель Байбагышева, Илим Карыпбеков жана Азизбек Оморкулов бар.
Манаслуну багынкан альпинисттерди эл аралык «Манас» аэропортунда тосуп алуу аземи өтүп, ага Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору Улан Эралиев жана күйөрмандары тосуп алды.
Белгилей кетсек, бул кыргызстандык альпинисттердин Гималайга болгон алгачкы экспедициясы болуп саналат.
Команда Манаслу чокусунда Кыргызстандын желегин желбиретип, үч килограммдык «Манас» эпосунун китебин алып чыгышты.
Маалымат катары: Манаслу — Гималайдагы тоо, Непалдын түндүк-борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мансири-Гимал тоо кыркаларына кирет. Чокунун бийиктиги 8163 метрди түзөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!