Бишкек шаарындагы 10 бейтапкана бириктирилип, аймактык оорукана түзүлө турган болду. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
«Бейтапканалар боюнча реформа жүргүзүп жатабыз. Жыйынтыгы 1-2 айдын аралыгында билинет. Медайымдар эми үйлөргө чыгып башташат. Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерге көчө, үйлөр бөлүнүп берилди», — деди министр.