"Эркин-Тоо"

Бишкекте 4 мектепте бомба табылган жок

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды 4 мектепте жарылуучу зат тууралуу билдирүүгө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Милициянын басма сөз кызматынан билдиргендей, бүгүн, 20-январда болжол менен 09:30дар чамасында «102» кызматына №33 мектеп-гимназиянын жана дагы Бишкектеги 3 билим берүү уюмунун электрондук почтасына имараттарга жарылуучу зат коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү келген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топтору жана райондук бөлүмдөрдүн жетекчилиги дароо келишип, милиция кызматкерлери мектептердин аймагын курчоого алып, окуучулар жана администрация эвакуацияланган.

Тиешелүү иштерди ИИМдин кинология кызматы жүргүзгөн.

«Урматтуу жарандар, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз. Бардык чакырыктар текшерилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, «Илим» жеке мектебинен жарылуучу зат табылган эмес.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!