Бишкекте КР эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театры билдирди.
Эскерүү кечеси 17-декабрь күнү саат 16:00дө театрда башталары айтылды.
Эске салсак, белгилүү актёр бир жыл мурда 17-декабрда 44 жашында көз жумган.
Мурадилаев кыргыз киносу жана театрында көптөгөн ролдорду жаратып, өзгөчө Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» тасмасында Алымбек датканын ролу менен эсте калган.

