Бишкекте автобустарга рейд башталды
Бишкекте коомдук транспорттун ишине көзөмөл күчөтүлдү. 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин шаардагы аялдамаларда жана автобус каттамдарында рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы билдирди.
Текшерүүлөр күн сайын эртең менен саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечки саат 17:00дөн 20:00гө чейин өтүүдө.
Рейд учурунда автобустардын техникалык абалы, айдоочулардын жол эрежелерин жана каттам графигин сактоосу, транспорттун линияга өз убагында чыгышы текшерилет.
Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөө тартибине көңүл бурулуп, жол акысын төлөбөгөн учурлар аныкталууда. Накталай эмес төлөм системасынын иштеши да көзөмөлгө алынган.
Муниципалдык ишкана жүргүнчүлөрдү жол кирени толук төлөөгө чакырды. Эреже бузуу фактылары аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.