"Эркин-Тоо"

Бишкекте букмекердик кеңселерге рейддер уланууда

Шаардык мэриядан билдиришкендей, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкү даректер боюнча 5 букмекердик кеңсе текшерилди:

— Сүйөркулов көчөсү 20/88 дарегиндеги «Вал-трейд Вал коин»;
— Сүйөркулов көчөсү 20/20 дарегиндеги «Ринго трейд»;
— Ахунбаев көчөсү 116а дарегиндеги «Ринго трейд»;
— Ахунбаев көчөсү 124 дарегиндеги «1$ трейд»;
— Ахунбаев көчөсү 122 дарегиндеги «Вин трейд».

Текшерүү учурунда букмекердик конторалар салык кызматында катталган ишкердик ишмердүүлүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде иш алып барары, алардын тиешелүү лицензиясы бар экендиги аныкталган. Текшерүү учурунда жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталган эмес.

Жумушчу топ букмекердик конторалардын администрациясы менен кумар оюндарын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамсыз иштердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул багыттагы иштер уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!