"Эркин-Тоо"

Бишкекте ден соолук акциясы өтөт

Бишкекте 22-майдан 5-июнга чейин ден соолук акциясы өтөт. Бул  тууралуу мэрия билдирди.

Иш-чара өтчү жайлар:

22-26-май «Ош» базарынын аймагы;

29-31-май «Дордой-Дыйкан» соода борбору;

1-июндан 5-июнга чейин «Сары-Өзөн» соода борбору. Акциянын максаты ооруларды эрте аныктоо, дарылоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин кан менен байланыштуу вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбору акысыз акция уюштурат. Анда каалоочулар ВИЧ, гепатиттин В жана С түрлөрү боюнча дарыгерлерден кеңеш ала алышат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!