"Эркин-Тоо"

Бишкекте катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу эко-технологиялык заводдун курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салды.

Санитардык полигондун аймагына куруу пландалып жаткан таштандыларды кайра иштетүүчү завод суткасына 850 тоннага жакын таштанды утилизация кылат.

Заводдун аймагында таштандыларды өрттөөчү приборлор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жай, спорттук имараттар курулат.

Долбоор тиешелүү калыбына келтирүү казандары жана турбогенераторлор менен жабдылган механикалык колонна мешинин технологиясын колдонот. Түтүн газын тазалоонун көп баскычтуу системасы колдонулат.

Комплекстүү процессте чаң шлактары полигонго ташылып, күл химиялык реагенттер менен дезинфекцияланат.

Заводдун бүткөрүлүшү 2025-жылдын ноябрь айында күтүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!