Бишкекте Кыргызстан–Кытай аялдарынын форуму өттү
Бүгүн 10-сентябрь Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин жыйынтыктарына жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 35 жылдыгына арналган «Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту, коомдук дипломатияны жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоодо аялдардын ролу» аттуу тегерек стол өттү.
Жыйында, Кыргызстан аялдар Конгрессинин аймактык демилгелери жана долбоорлору; Аялдардын ишкердиги — экономикалык өсүштүн маанилүү фактору; Инновациялар, санариптик экономика жана жасалма интеллект: аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр; Жашыл экономика, экология жана климаттык демилгелер; Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү туурасында темалар талкууланды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын, илимий чөйрөнүн, бизнес коомчулугунун, аялдар уюмдарынын, жогорку окуу жайлардын жана Кыргызстанда иш алып барган кытайлык компаниялардын өкүлдөрү катышышты.
Жана албетте, Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева куттуктоо сөзүн сүйлөп, «Кыргызстан менен Кытай — жакшы кошуналар, ишенимдүү өнөктөштөр жана достор экенин, эки өлкөнүн аялдары тынчтыкты, биргелешкен гүлдөп-өнүгүүнү алга жылдырууда маанилүү бириктирүүчү күч боло алышат» — деп белгиледи.