"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте Кыргызстандын экономикалык өсүшү талкууланган жыйын өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында “Кыргызстандын экономикасынын тез өнүгүүсү боюнча милдеттер” аталышындагы II Дискуссиялык клубдун жыйыны өттү. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмер Амангелди Муралиев, саясатчы Турсунбек Чынгышев, экономисттер, эксперттер, эл аралык уюмдардын адистери, бизнес ассоциациялардын, аналитикалык борборлордун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Жыйындын максаты — экономикалык өсүшкө тоскоол болгон системдик маселелерди талкуулоо, тажрыйбалуу адистердин катышуусу менен практикалык сунуштарды иштеп чыгуу, өнөр жайды ылдам өнүктүрүү, жеке секторду бекемдөө жана улуттук экономиканын туруктуулугун жогорулатуу.

Экономика илим изилдөө институтунун директору, профессор Батыркул Баетов өлкөдө кызмат көрсөтүү тармагы активдүү өнүгүп жатканын, бирок өндүрүш багыты артта калганын белгиледи. Анын айтымында, азыркы шартта негизги көңүлдү кайра иштетүү жана өндүрүш секторун көтөрүүгө буруу зарыл.

Баетовдун айтымында, Дискуссиялык клубдун алгачкы жыйыны 28-майда өткөн. Жыйын доклад окуу форматына эмес, ой-пикир алмашууга багытталып, чакырылган 70тей катышуучунун 30–40ына сөз берилет. Ар бирине 4 мүнөткө чейин убакыт каралган. «Катышуучулар экономиканын тез өнүгүүсүнө тоскоол болгон факторлорду жана алардын чечүү жолдорун айтып, бул пикирлер кийин илимий негизде талданып, мамлекеттик органдарга берилет», — деди ал. Анын маалыматына ылайык, мындай жыйындарды жылына эки жолу өткөрүү пландалууда.

Иш-чарада глобалдык өзгөрүүлөр шартында улуттук экономиканы өнүктүрүүгө тоскоол болгон факторлор талданып, экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

Профессор Көбөгөн Атышов да жыйындын маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын максаты — экономиканы ылдам өнүктүрүү жолдорун издеп, өлкө алдыңкы мамлекеттерден артта калбашы үчүн биргелешкен сунуштарды түзүү экенин айтты. «Бул жерде жаш окумуштуулар, орто муундагылар жана аксакалдар чогулуп, маанилүү сунуштарды айтууда», — деди ал.

Иш-чаранын жыйынтыгында аналитикалык кыска баяндамалар даярдалып, бир катар сунуштар иштелип чыкты. Алардын ичинде: экономикалык саясатты жаңылоо, өндүрүш менен айыл чарбасын стимулдоочу жаңы инструменттерди киргизүү, инвестициялык климатты жана ишкердик чөйрөсүн жакшыртуу, башкаруу сапатын өркүндөтүү чаралары бар.

Иш-чара Экономика жана соода министрлиги, Президенттин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту жана КЭУ Экономика изилдөө институту тарабынан уюштурулду.