Караколдо ламанын ботосу туулду

3-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 352

Каракол зоопаркында гуанако түрүндөгү ламанын жаңы ботосу жарыкка келди. Бул тууралуу “Бугу-Эне” фонду маалымат берип, социалдык тармактарга видеосун жарыялады.

«Ал тез эле үйүргө аралашыпкетти. Азыр энесинен калбай ээрчип жүрөт. Энеси болсо аны кызгануу менен коргоп турат», – деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Каракол зоопаркы 1987-жылы негизделген жана 7,5 гектар аянтты ээлейт.

3-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 352
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X