Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруусу менен Бишкекте “Мекендештер – 2023” форуму өтүүдө.
Форумга Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, чет жакта жашаган мекендештер, көптөгөн уюм жана диаспоралардын өкүлдөрү катышууда.
Форум — өлкөнүн аймактарындагы социалдык, инфраструктуралык, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна мекендештерди тартуу, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мекендеш инвесторлордун өз-ара аракеттенүүсүн түзүү максатында өткөрүлөт.
- Форумда:
- Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулоо, инновациялык жана креативдүү идеяларды ишке ашыруу жана экономиканын жаңы деңгээлине өтүү;
- Жаңы жумуш орундарын түзүү жана мекендеш-инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды уюштуруу сунуштарын жүзөгө ашыруу;
- Чет өлкөдөгү мекендештердин Кыргызстан менен маданий-тарыхый байланыштарын колдоо боюнча сунуштары каралмакчы.

