Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү Европа Биримдигинин колдоосу менен FIRST Bishkek 2025 регионалдык робототехника чемпионаты өттү.
Иш-чара Maarif орто мектебинде уюштурулуп, Европа Биримдиги каржылаган “Connectivity” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Чемпионатка Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келген 10дон ашуун мектептин 350дөн ашык окуучусу, ошондой эле Казакстандын айрым мектептеринин окуучулары катышты.
Катышуучулар робототехника, инженерия жана программалоо багыттарында билимин көрсөтүп, үч категория боюнча мелдешти:
– FLL Explore (7–10 жаш),
– FLL Challenge (10–13 жаш),
– FTC (14–17 жаш).
Маалыматка ылайык, FIRST Bishkek 2025 чемпионаты Кыргызстанда инновациялык жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле окуучулардын санариптик жана заманбап көндүмдөрүн арттырууга багытталган.

