Сузакта айдоо жерлерге мыйзамсыз ээлик кылынып, турак-жай курулган

15-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 69

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерине мыйзамсыз ээлик кылынып, турак-жай курулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнү Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аймактык башкармалыгы жүргүздү. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Мундуз айылынын аймагында катталды.

Аныкталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 Жарлыгынын талаптарын сактабаган жарандарга эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

15-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 69
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X