"Эркин-Тоо"

Бишкекте түтүндөн улам жатаканадан 40 чет элдик жаран эвакуацияланды

Бишкекте 7-декабрда унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, түтүндөн улам жанаша жайгашкан жатаканадан 40 чет элдик жаран эвакуацияланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан кечки саат 20лар чамасында өрт чыккан. Жеринде 3 күжүрмөн эсеп жана штаб иш алып барды. Тилсиз жоо саат 21:18де чектөөгө алынып, саат 22:13тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, мында жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды. Бөлмөдө калып калган дагы бир адамды газ-түтүндөн сактоо тобу алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын абалы жакшы

Ал эми унаа оңдоочу жайдын болжол менен 40 чарчы метри өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!