Бишкекте жүргүнчү коомдук транспорттун контролеруна кол көтөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Эртең менен коомдук транспорттогу кезектеги текшерүү учурунда № 169 автобустагы жүргүнчүлөрдүн бири агрессия көрсөтүп, контролерго оозго алгыс сөздөрдү айта баштаган. Жүргүнчү жол кире акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан», — деп маалымдады мэрия.
Жүргүнчү контролерду бетке бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.