"Эркин-Тоо"

Бишкекте жаңы атайын техникаларды жана автобустарды тапшыруу аземи өттү

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында КР президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземи өттү.

Мамлекет башчысы бардык атайын техникаларды карап чыгып, жаңы автобустардын техникалык мүнөздөмөсү менен таанышты.

Салтанаттуу сөзүнөн кийин Садыр Жапаров министрликтердин жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, автопарктын толукталышы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, атайын техникалар КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына берилди. Мындан тышкары, Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине жаңы автобустардын ачкычтары тапшырылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!