Бишкекте жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду
Бишкек шаарындагы Жеңиш проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган адаптивдүү светофорлор орнотулду. Жаңы система унаалардын агымын талдап, жолдогу кырдаалга жараша светофордун иштөө режимин жана тилкелердин багытын автоматтык түрдө өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, кесилишке жалпысынан 27 светофор коюлган. Мындан тышкары, жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн төрт камера-детектор, унаалардын санын аныктоочу төрт лидар жана убакытты артка саноочу төрт электрондук табло орнотулган.
Ошондой эле кесилиштин төрт тарабына LED-экрандар коюлган. Алар электрондук жол белгилеринин милдетин аткарып, тилкелердеги кыймылдын багыты өзгөргөн учурда айдоочуларга тиешелүү маалыматты көрсөтөт.
Жаңы система унаалардын агымына жараша тилкелердин багытын жана светофордун иштөө убактысын автоматтык түрдө жөнгө салат. Мисалы, солго бурулуучу тилкеде унаалар көбөйүп, тыгын жаралса, система кошумча тилкени да ушул багытка бура алат. Мындай өзгөртүүлөр жолдогу жүктөмгө жараша башка багыттарда да жүргүзүлөт.
Учурда система пилоттук режимде иштеп жатат жана толук кандуу ишке киргизиле элек. Камералар менен лидарлар аркылуу чогултулган маалыматтар сутканын убактысына, аптанын күндөрүнө жана айларга жараша талданууда.
Топтолгон маалыматтардын негизинде система унаалар көп топтолгон багыттарды аныктап, тилкелердин кыймыл багытын жана светофордун иштөө режимин оптималдаштырууну үйрөнөт. Маалыматтар көбөйгөн сайын анын талдоо жана чечим кабыл алуу тактыгы да жогорулайт.