Бүгүн Бишкекте “Ала-Тоо” кинотеатрында «Үмүт» аталыштагы жаш киночулардын XI форуму расмий ачылды. Быйылкы иш-чара КРнын Эл артисти, советтик жана кыргыз кинорежиссеру Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Бекеш Абдылдаевдин уулу, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев, министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев, кино ишмерлер, кино сүйүүчүлөр катышты.
Аталган форум 31-мартка чейин уланып, программада бир нече иш-чара камтылган:
- улуттук жана эл аралык программаларды талкулоо менен көрсөтүү (дүйнөлүк кинематография чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер менен пикир алышуу);
- кыска метраждуу тасмалардын кинодолбоорлорун көрсөтүү;
- абройлуу эл аралык кинофестивалдарга катышкан жана алдыңкы орундарды багындырып келген тасмалардын атайын көрсөтүүлөрү;
- чет өлкөлөрдүн алдыңкы кинорежиссерлорунан мастер-класстары жана лекциялары;
- эл аралык кинофестивалдардын жарманкелери;
- уюштуруучулардын атайын презентациялары жана питчингдер.
“Үмүт” форуму 2013-жылдан бери КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан өткөрүлүп келет.