"Эркин-Тоо"

Бишкекте жаштарга арналган бир жумалык маданий иш-чара башталды

Бишкекте жаштарга арналган бир жумалык маданий иш-чара башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы “Ынтымак” паркында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Кыргызстандагы элди окутуу” ассоциациялык уюму бир жумалык маданият жумалагын баштады.
Иш- чара бүгүн, 3- октябрда аталган паркты жашылдандыруу иштери менен башталды.
Аталган иш-чарага министрликтин кызматкерлери да катышышты.
Маданият жумалыгы 3-октябрдан 9-октябрга чейин Бишкек шаарында «Келечек» мамлекеттик платформасынын алкагында өткөрүлмөкчү.
Иш-чаранын алкагында муниципадык кызматкерлер үчүн атайын мастер –класстар өткөрүлөт.
Андан тышкары, борбордун «Ынтымак» паркында шаардын экологиясын жана тазалыгын сактоого багытталган бир нече акция өтөт .
Ошондой эле каалоочулар үчүн тамак бышыруу искусстовсу, сулуулук, кол өнөрчүлүк жаатындагы бир нече мастер-класстар, «Ала -Тоо» аянтында китеп сүйүүчүлөр үчүн флеш- мобдор уюштурулат.
«Ынтымак» паркында жарандардын ден соолугуна кам көрсүүсүнө арналган иога, пилатес, фитнес менен кантип машыкса боло тургандыгы боюнча көнүгүүлөр көрсөтүлүп, заманбап бийлерди үйрөнгүсү келгендер үчүн бий студиялары өз өнөрлөрү менен бөлүшөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!