"Эркин-Тоо"

Бишкектеги Түркиянын элчилигинин жанынан унаа өрттөндү

Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан Түркия элчилигинин жанында Mazda Demio үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган жаран Б.К. аттуу жаран өзүнүн “Mazda Demio” үлгүсүндөгү унаасы менен Тыныстанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, “Ак-Кеме” бала бакчасынын тушунан унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтогон. Андан соң унаадан өрт чыга баштаган.

«ӨКМдин өрт өчүрүүчү унаасы келгинче, өрттү өчүрүүгө өтүп бара жаткан айдоочулар жана жарандар жардам берип турушкан. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Жабырлануучу жок. Белгилеп кетчү жагдай, бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок»,-деп айтылат билдирүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!