Бишкектин айрым аймактарында жылуулук жана ысык суу өчүрүлөт
Бүгүн, 13-ноябрда, Бишкектин «Асанбай» кичи районундагы айрым үйлөрдө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө жылуулук тармагындагы бузулган жерди аныктоо жана оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Жылуулук жана ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлөт:
«Асанбай» кичи району: 4, 3, 2, 2/1, 8, 9, 8/3, 8/1, 10, 11, 13, 2а, 15а, 15, 14, 17, 17/1, 3в, 18, 19, 2123/2, 22, 23, 29, 28, 25, 27-үйлөр;
А. Токомбаев көчөсү: 53/1г, 53/3, 53/1б.
Оңдоо иштерин бүгүн күн ичинде аяктоо пландалууда.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарынан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.