"Эркин-Тоо"

Болотбек Тиллебаев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.

УТРКнын мурдагы жетекчиси Кайрат Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы кабарланган.

Болотбек Тиллебаев буга чейин Иманалиевдин орун басары болуп иштеп келген.

Жаңы жетекчи 51 жашта. Эки жогорку билимге ээ: «Дастан» технологиялык университетин жана КР Президентине караштуу башкаруу академиясын «менеджмент» багытында аяктаган.

1990-1992-жылдары «Обон» үн жазуу студиясында оператор жана үн инженери болуп иштеген. 1992-1994-жылдары-Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын оператору, видеомонтаж режиссёру жана видеоинженери болгон. 1994-2003-жылдары бир нече программаларды алып барган.

2014-жылы КТРКнын башкы директору кызматына документ тапшырган. Кийин кысым көрсөтүлүп жатканын айтып, акыры шайлоодон талапкерлигин алып салган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!