"Эркин-Тоо"

Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунда бир катар документке кол коюлду

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Мындан тышкары Президент Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат.

Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.

Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Аралды куткаруу эл аралык фондунун негиздөөчүсү болгон мамлекет башчыларынын Аралды сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!