Бразилияда автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, 21 адам каза болду
Бразилиянын түштүгүндөгү Имбитува шаарчасында жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаанын кагышканынан кеминде 21 адам каза болду.
Кырсык Парана штатында катталган. Автомобиль жолдоруна жооптуу компаниянын маалыматына караганда, жол кырсыгынан автобустагы 21 жүргүнчү көз жумган.
Мындан тышкары, төрт адам ар кандай деңгээлде жаракат алганы кабарланды. Учурда кырсыктын себептери такталууда.