31-мартта жана 1-апрелде Чүй жана Талас облустарында күн кескин сууктап, түнкүсүн жана күндүз үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Талас облусунда абанын температурасы -1…-3 градус, Чүйдө 1-апрелде 0…-2 градуска чейин суук болот.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.