"Эркин-Тоо"

Чернотелка коңузу Чүй облусунун эгин талааларына зыян келтирип жатабы?

Айыл чарба министрлиги Чүй облусунун айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип жаткан курттар чернотелка коңузу экенин аныктап чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Быйыл бул коңуз массалык түрдө жайылып жатканын айтып дыйкандар министрликке кайрылышкан.

Маалыматка ылайык, аталган коңуздар айыл чарбасынын зыянкечи болуп саналбайт, бирок ар бир 12-14 жылда аталган коңуздардын массалык чыгуулары жана өсүмдүктөрдү жабыркатуу учурлары катталат.

«Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери Чүйдө массалык түрдө чыгып, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип жаткан курттардын видеолорун изилдеп чыккан. Натыйжада катуу канаттуулар (коңуздар) түркүмүнө кирген чернотелка коңузу экени аныкталган. Ошондой эле департаментен айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген аянтта аталган коңуздун массалык чыгуусу жана өсүмдүктөрдү жабыркатуусу катталса — пиретриоддер классындагы (Талстар, Каратэ, Фастак, Суми-альфа, Децис жана башка) инсектициддерди колдонууну сунуштайт», — делет министрликтин маалыматында.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!