"Эркин-Тоо"

Чет өлкөлөрдө 1,5 млн ашык кыргызстандык эмгектенет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тиешелүү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү менен өлкө жарандарынын тышкы эмгек миграциясынын маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Жыйындын жүрүшүндө чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарды укуктук жактан колдоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери каралды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 1,5 миллиондон ашык жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт жана бул көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө.

Байсалов белгилегендей, эмгек миграциясы министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана мамлекет чет өлкөлөрдөгү жарандардын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого бардык күч-аракетин жумшап жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!